Эдил Байсалов Баткенде Ж.Бөкөнбаев мектебинин ачылышына катышты

0
609

КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Президенттин Баткендеги өкүлү Абдикарим Алимбаев бүгүн 1-сентябрда Кадамжай районунун Кайтпас айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин ачылышына катышты. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин аталган айылдын 600дөн ашуун окуучусу ашар жолу менен курулган эски мектепте билим алып келген. Ал эми жаңы мектеп 275 орундуу, бардык керектүү шарттары менен курулган.

Эдил Байсалов өз сөзүндө, бүгүн билим күнүндө Кыргызстанда 42 мектеп ачылып, пайдаланууга берилгенин, 100 мектептин курулушу жүрүп жатканын айтып, билим берүү тармагындагы шартты жакшыртуу,өлкөнүн артыкчылыктуу багыты экенине токтолду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here