Кадамжайда жол кырсыгы катталды

0
1051
Сүрөт: Turmush басылмасы

Кечээ 17-августта Кадамжай районунун  Айрыбаз айылындагы жол тилкеде эки автоунаа кагышты. Бул тууралуу облустук милициянын жол кыймылынын  коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 18:30дар чамасында катталып, анда “Дэу Тико” жана “Митсубиси Лансер” үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Кырсыктан эки унаа тең жолдун четине чыгып кеткен.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздөө бөлүмү, кырсыктан жаракат алгандар жок экенин жана материалдык чыгым гана болгонун билгилешти.

Учурда тийиштүү иш чаралар жүрүп жатат. – деп белгиленет маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here