“Баткенге жардам” атайын эсебинен 27 млн 602миң сомдон ашуун каражат калды

0
669
Облустук бийлик Тажикстандын соңку куралдуу агрессиясынан жабыркаган баткендиктерге жардам көрсөтүү үчүн ачылган атайын эсептеги каражаттар кайсыл тарапка жумшалганы тууралуу маалымат берди. Анда 2022-жылдын 16-сентябрынан 2023-жылдын 15-августуна чейин 354 млн 348 миң сомдой акча топтолуп, анын 327 млн сомго жакыны сарпталганы тууралуу жазылат.

Ага ылайык, атайын эсептен окуяда өрттөлгөн 437 үйдүн ээлерине жана капиталдык оңдоого муктаж 241 турак жай ээлерине 200 миң сомдон акча каражаты төлөнгөн. Курулушу аяктап пайдаланууга берилген 411 үй ээсине дагы 100 миң сомдон берилген.

Окуяда эвакуация учурунда  жол кырсыгынан каза тапкан 12 жаранга 3 млн 960 миң сом, жабыркаган 22 жарандын дарылануусуна 935 миң сом бөлүнгөн. Лейлек районунун Кулунду базарын калыбына келтирүү үчүн 2 млн сом берилген. Жабыр тарткан жарандардын балдарына гуманитардык жардам көрсөтүү багытында 58 миң 780 сом бөлүп берилди.

Ал эми, өрттөлгөн, уурдалган мал жандыктардын жана автотранспорт каражаттарынын ээлерине келтирилген зыяндын ордун толтуруу максатында жалпы 599 жаранга 122 млн 280 миң сомдон ашуун акчалай компенсация төлөп берилди. Баткен районунун Достук айылындагы күнөскананы калыбына келтирүүгө 764 миң 594 сом бөлүнгөн. Мындан сырткары 4 млн 600 миң сомдон ашык каражаты калыбына келтирүү иштеринде күйүүчү майга, унаа каттамын уюштурууга, жабыркаган жарандардын балдарын эс алууга жиберүүгө, эвакуация болгон жарандардын азык түлүгүнө, муктаждыктарына жумшалган.

15-августка карата атайын эсепте 27 млн 602миң 632 сом калган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here