Өзбекстан Молдо Нияздын мемориалдык комплексин курат

0
422
Өзбекстан Молдо Нияздын мемориалдык комплексин курат. Мындай маалыматты Фергана облусунун башчысынын орун басары Хуршиджон Ахмедов билдирди. 
Анын айтымында эки өлкөнүн достугунун бекемделишине мамлекет башчылары чоң жол ачып, анын алкагында кыргыз-өзбек окумуштуулары, тарыхчылары ушул чөлкөмдөн чыккан улуу инсандар тууралуу изилдөө иштерин алып барууда.
Молдо Нияздын 200 жылдыгына карата акындын мемориалдык комлпексин куруу боюнча Өзбекстандын Фергана облусунун өкүлдөрү жана Кадамжай райондук администрациясы өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдашышкан. 
Жакынкы кундөрдө Өзбекстандын Шахимардан анклавында Молдо Нияздын сөөгү коюлган жайга мемориалдык комлпексти куруу иштерин Өзбекстан тарап алып барат. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here