Баткенде коомдук алдын алуу борбору ачылды

0
455
Бүгүн 17-августта Баткен районунун Чек айылында коомдук алдын алуу борбору ачылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган борбор АКШнын Кыргызстандагы элчилиги колдогон ИИМ, “Эл аралык толеранттулук үчүн” коомдук фонду жана Saferworld уюму менен кызматташтык долбоорунун алкагында “Милиция менен элдин ортосундагы социалдык кызматташтык” долбоорунун алкагында ачылды.
Бул коомдук алдын алуу борборунда аксакалдар соту, аялдар кеңеши ошондой эле жаштар координаты милиция менен биргеликте жарандардын арыз-даттанууларын кабыл алып, иш алып барышат.
Программанын алкагында коомдук алдын алуу борборунун капиталдык курулушуна 400 000 сом, компьютердик жабдуулар, кеңсе эмеректери менен камсыз кылууга 329 361 сомдук финансылык жардам көрсөтүлгөн, Дара айыл аймагы тарабынан курулуш иштерине 1 млн 543 миң сом жардам берилген.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here