Баткенде жөө өтүүчү көпүрө курулат

0
560

Иллюстрациялык сүрөт 

Баткен шаарынын Базар -Башы кварталында атайын жөө адамдар өтүүчү көпүрө курулат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган объект ӨКМ тарабынан  2023-жылдын  алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча иш-чаралардын алкагында курулууда. Учурда ӨКМ тарабынан керектүү материалдар толугу менен камсыздалып, жергиликтүү бийлик тарабынан көпүрөнүн курулуш иштери жүрүүдө.

Аталган көпүрө пайдаланууга берилсе, жаан-чачын көп жааган мезгилде шаар элин түйшүккө салган ыңгайсыздык жоюлат. – деп белгиленет маалыматта.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here