Кызыл-Кыяда дайынсыз болуп жаткан өспүрүм кыз табылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу облусттук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жоголгон кызды милиция кызматкерлери шаар аймагында өткөргөн “Өспүрүм эмгек” аталышындагы иш чаранын жүрүшүндө тапты.
Мындан сырткары Кызыл-Кыядагы “Таштермир-Ажы” базарында араба сүйрөгөн, кафе-ресторандарда, түнкү компьютердик клубтарда эмгектенип жаткан жаш өспүрүмдөр аныкталып, аларды иштеткен үч ишкерге айып пулдар салынды.