Кадамжайда мыйзамсыз курал сактаган жаран аныкталды

0
677

 Кадамжайдын Көтөрмө айыл аймагына караштуу “Дугаба” жайлоосунда мыйзамсыз ок атуучу курал сактап жүргөн жаран аныкталды. Бул тууралуу 13-14-июль күндөрү жүргүзүлгөн район аймагындагы курал-жарактардын сактоо мөөнөттөрү, сактоо эрежелери текшерилген “Арсенал” рейддик иш-чарасынын жүрүшүндө белгилүү болду.

Маалыматка караганда,  иш чаранын жүрүшүндө милиция, 21 мергенчиге  ок атуучу куралдардын уруксат кагаздарынын мөөнөтү өтүп кеткендиги үчүн айып пул салды.

Ал эми аталган факты Кадамжай РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here