Баткенде окуучулар арасында облустук футбол мелдеши өттү

0
474

28-март күнү Баткен шаарында  жаш өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында кичи футбол боюнча таймаш болду. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Иш чара Баткен облустук милициянын  кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, ага облус аймагындагы район-шаарлардан 10-11-класстын окуучуларынан түзүлгөн командалар катышты. 

Оюндун максаты жаштар арасындагы достукту, ынтымакты бекемдөө, кылмыштуулуктун алдын алуу, жаштарды спортко тартуу. 

Таймаштын жыйынтыгы боюнча 1-орунга Кызыл-Кыя шаарынын окуучулары, экинчи орунга Кадамжай району жана үчүнчү орунду Баткен шаарынын окуучулары камсыз кылды. Мелдешке жалпысынан 6 команда катышып, оюн кызыктуу өткөрүлдү.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here