Чек арада курулуп жаткан 418 үйдүн 332си бүткөрүлдү

0
494

Баткен облусунун кыргыз-тажик чек арасында болгон акыркы куралдуу жаңжалда жалпысынан 418 турак үй жабыркаган. Анын 332си толук бүттү, калган турак үйлөр март айынын ичинде бүткөрүлүп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу облустук бийликтен билдиришти.

Бардык өрттөлгөн жана капиталдык ремонтко муктаж турак жай ээлерине атайын счеттун эсебинен биринчи этап менен 200 000 сомдон компенсациялар берилген.
Ал эми экинчи этапта, турак жайы толугу менен бүткөрүлгөн учурда, үй ээлерине 100 миң сомдон компенсация берилди.

Мамлекеттик комиссиянын чечиминин 1 пунктуна ылайык турак үйлөрү оңдоп түзөөгө муктаждарга даражасына жараша 100 миң сомго чейин жалпы 499 жаранга 13 млн 500 миң сомдой компенсация төлөндү. Ал эми 2 пунктуна ылайык окуяда жабыр тарткан жарандарга жалпы 8 млн 291 миң сом бөлүнүп берилди-деп айтылат маалыматта.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here