Электрондук тамеки колдонууга тыюу салынган мыйзам долбоору жактырылды

0
203

Жогорку Кеңештин комитети электрондук тамеки колдонууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда жактырды.

Электрондук тамекини пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө мыйзамдын талаптарын бузуу жеке жактарга — 40 миң сомдун тегерегинде, юридикалык жактарга 60 миң сомдун тегерегинде айып пул салууга алып келет. 

Электрондук тамекини сатууга тыюу салуу жөнүндөгү мыйзамды бузуу жеке жактарга 50 миң, юридикалык жактарга 65 миң сомдун тегерегинде айып пул салууга алып келет. 

Электрондук тамекини ташып келүү — 150 миңден 200 миң  сомдун тегерегиндеги айыпка же бир жылдан эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here