Кыргызстанда биринчи жолу боор алмаштыруу операциясы болуп, ийгиликтүү аяктады

0
284

Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти. 

Маалыматка таянсак, операция 8-9 саатка созулуп, саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев баштаган түркиялык жана кыргызстандык дарыгерлер тобу тартылган. 

Белгилей кетсек, 10-11-июнда Кыргызстанда биринчи жолу кыргыз-түрк достугу ооруканасында боор алмаштыруу операциясы жасалды. Операцияга кеткен чыгымдардын баары КР президентинин фондунан каржыланып жатат. 

Эске салсак, операцияны өткөрүү үчүн ооруканага керектүү каражаттарды жана жабдууларды сатып алууга аталган фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here