Баткенде “Экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү” боюнча тренинг өтүүдө

0
362

Баткен шаарында ички иштер органдарынын кызматкерлерине,  сот органдарынын өкүлдөрүнө жана прокуратура кызматкерлерине экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттенүү боюнча тренинг өтүүдө.

Иш-чарада экстремизмге байланыштуу учурдагы кырдаал, коркунучтар, улуттун коопсуздук, экстремисттик ишке каршы аракеттенүү багытында көрүлүп жаткан чаралар боюнча баяндамалар видеотасмалар аркылуу жеткирилип, усулдук окутуулар болду.    

Белгилей кетсек, тренинг Бириккен Улуттар уюмунун Өнүктүрүү Программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү тарабынан Баткен шаарында 23-24-май күндөрү өткөрүлөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here