Ак-Сай айылында жаңы коомдук мончо ишке кирди

0
400

Баткен районун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Үч-Дөбө айылынын Керме Тоо жерлигинде бардык шарттары менен бүткөрүлгөн коомдук мончо пайдаланууга берилди.

Ага Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Ак-Сай айыл өкмөтүнүн башчысы Алимбек Сабиров, КОICA уюмунун “Кыргыз Республикасындагы менин айылым” долбоорунун башкы адиси Ли Уенг жана айыл тургундары, аксакалдар катышты.

Коомдук мончо КОICA уюмунун “Кыргыз Республикасындагы менин айылым” долбоорунун алкагында курулуп, бардык шарттары менен бүткөрүлдү.Мончодо 10 жаран жумуш орду менен камсыз болду.


ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here