Баткен районунун Ак-Татыр, Самаркандек айылдарына таза суу тартылууда

0
535

Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн Ак-Татыр айылындагы таза суу тартуу жумуштары менен таанышып чыкты. Бул тууралуу Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, аталган айылды таза суу менен камсыз кылуу максатында учурда тике суу кудугу казылып, монтаждоо иштери жүрүп жатат.

Бул жумуштар аяктаса Ак-Татыр, Самаркандек айылдары таза суу менен камсыз болот.

Таза суу чыгаруу жумуштары республикалык бюджеттен каржыланып жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here