Баткенде “Салык чек” лотереясынын жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды

0
480

Бүгүн, 29-март күнү Баткен шаарында, “Салык чек” лотереясынын Баткен облусундагы жеңүүчүлөрүнө байгелер тапшырылды. Бул тууралуу шаардык бийликтен маалымдашты. 

Маалыматка караганда, аталган лотереяда Баткенден 31 жеңүүчү аныкталган. Байгелер жалпысынан 5 ноотбук, 14 даана iphone 14 үлгүсүндөгү телефон жана 9 смартфондон турат. 

Бул лотерея жарандардын салыктык сабаттуулугун жогорулатуу жана контролдук-кассалык машинаны колдонуучу салык салуу субъекттерин элдик контролдоону мобилизациялоо жолу менен көмүскө экономиканын секторун кыскартуу максатында уюштурулуп келет.

Мындан ары салык чек аркылуу лотерея ойнотулбайт, бирок башка өңүттө  акциялар өткөрүлөт. – деп жазылат шаардык бюийликтин маалыматында.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here