Лейлекте Исхак Раззаковду эскерүү иш чарасы өттү

0
483

Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.

Ага ылайы, иш чара Кыргыз эл баатыры, мамлекеттик жана коомдук ишмер Исхак Раззаковдун Раззаков шаарындагы музейи менен таанышуудан башталып, андан соң  Лейлек районунун Кулунду айыл аймагындагы Исхак Раззаков атындагы сейил багында, мамлекеттик ишмердин эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, анын рухуна багышталып Куран окулду.

Бул күнү Раззаков айылындагы Раззаков атындагы орто мектебинде, Сүлүктү гуманитардык-экономикалык институтунун студенттери тарабынан даярдалган улуттук көргөзмө жана Исхак Раззаковдун өмүр таржымалын чагылдырган сахналаштырылган көрүнүштөр тартууланды.

Андан соң “Эл уулу — И.Раззаков” деген темада илимий конференция өттү.

Эске салсак, Исхак Раззаков Кыргызстанга 35 жашында жетекчи болуп келип,УАМ согуштан кийин оор абалга дуушар болгон өлкөнү кыйын кезеңден алып чыккан көрөгөч жетекчи болгон. Ал мамлекеттик кызматта турган жылдары бардык тармактар өнүгүүгө өрүш алган.

Раззаков 1979-жылы 19-март күнү 69 жашында каза болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here