Баткенде милиция кызматкерлерине 16 кызматтык унаа тапшырылды

0
1164

Бүгүн,11-март күнү Баткен шаарында “Коопсуз өлкө –туруктуу келечек” аталышындагы элдин коопсуздугун чыңдоого арналган форум өттү.

Форумда ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын шаар, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн айылдык милиция бөлүмчөлөрүнө “ВАЗ-НИВА-21214” үлгүсүндөгү жаңы 16 кызматтык унааны тапшырды. 

Жаңы кызматтык унаалар укук бузуулардын алдын алуу, кылмыштуулук менен күрөшүү жана Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын материалдык-техникалык базасын чыңдоо, калкты тейлөөнүн сервистик сапатын жакшыртуу максатында Кадамжай, Лейлек, Баткен райондук жана Кызыл-Кыя, шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын айылдык бөлүмчөлөрүнө өткөрүлүп берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here