Баткенде соңку аптада 804 жол эрежесин бузган айдоочу аныкталды

0
378

Бул тууралуу Салам Медиага Облустук милициянын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашты. 

Маалыматка караганда, тийиштүү документтери жок унаа башкарган 15 айдоочу, мас абалында автоунаа башкарган 26, белгиленген ылдамдыктан ашырып айдаган 97 жана мыйзамсыз терезелерин карангылаткан 3 айдоочу аныкталып, башка жол эрежелерин бузган 663 айдоочу катталды.

Ал эми ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 47 авто унаа убактылуу токтотуучу айып короого токтотулган.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here