Кызыл-Кыяда уурулар кармалды

0
519

2021-жылдын 31-январында Кызыл-Кыя шаарынын “Таштемир Ажы” базарында белгисиз атуулдар Ноокат районунун Ынтымак айылынын 20жаштагы Э.Ннын кол сумкасынын ичинен акча салынган капчыгын уурдап кетишкен. Капчыктын ичинде арыздануучунун 10500сом акча болгондугун билдирип милицияга кайрылган.
Бул материал Кызыл-Кыя ШИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 200-беренесинин (уурулук) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы кабарлады.
Кылмыштын изи сууй электе Кызыл-Кыя ШИИБнин милициянын участкалык уполномоченныйлары менен кайгуул күзөт кызматынын кызматкерлери Кадамжай районунун Уч-Коргон айылынын 41жаштагы Х.Ону (аял киши) аныктап кармашкан. Кылмышка шектүү Х.Онун жанынан уурдалган капчык табылып алынып, уурдалган акча өз ээсине кайтарылган.
Азыркы күндө тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here