Бул маалыматты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тастыкташты.
Ага ылайык, Орусиялык альпинист Евгений Глазуновдун сөөгү 22-февраль күнү табылган. Үчүнчү өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 2 куткаруучу тартылып, алар альпинисттин сөөгүн алып түшүүгө көмөк көрсөтүп жатышат.
Эске салсак, 21-февралда альпинистти издөө тиштери башталган. Маркум альпинист Лейлек капчыгайындагы Аксуу чокусунан акыркы жолу 16-февралда байланышка чыккан. Андан соң альпинист менен байланыш үзүлгөн.