Кадамжайда мыйзамсыз курулган дагы 30 объект буздурулду

0
2316

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, министрликке караштуу Жерди жана сууну көзөмөлдөө кызматынын Баткен аймактык бөлүмү Кызыл-Кыя шаарына, Кадамжайдын Үч-Коргон айыл аймагына жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында Кызыл-Кыяда 3 объект, Үч-Коргондо 27 объекттин мыйзамсыз салынганын аныктаган. Мындан улам аталган объектилер буздурулуп, жерлер баштапкы калыбына келтирилди. 

Андан тышкары аймактагы  53 объектинин ээсине эскертүү берилген. Булардын ичинен 18 материал Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here