Кадамжайда 14 кекиликти мыйзамсыз аткан эки мергенчи кармалды

0
1756

Облустук милициянын маалыматына караганда,  Кадамжайдын Айрыбаз айыл аймагынын Кожо-Кайыр жайлоосунда эки тургун аңчылык сезондун бүткөнүнө карабастан өздөрүнүн ок атуучу куралдары менен 14 даана кекиликти атып,  мыйзамсыз аңчылык кылган. 

Алар, ушул жылдын 20-февралынан 28-февралына чейинки аралыкта жүргүзүлүп жаткан “Мал ууру”, “Касапчы” аталышында иш-чаралардын жүрүшүндө кармалды.

        

Бул факты маалыматтардын электрондук журналына катталып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here