Баткенде мекен коргоочулар күнүнө карата облус башчысынын кубогу өттү

0
604

Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.

23-февраль Мекен коргоочулар күнүнө карата, Президентин Баткендеги өкүлүнүн, спорттун  волейбол түрү боюнча кубогу өттү. Мелдешке облус аймагындагы аскер бөлүктөрүнөн жана күч түзүмдөрүнөн жалпы жети команда катышты.

Мелдештин жыйынтыгы менен, биринчи орунду ӨКМнин Баткен облусундагы башкармалыгы, экинчи орунду 2053 аскер бөлүгүнүн Бөрү атайын багыттагы отряды, үчүнчү орунду облустук ички иштер башкармалыгы,төртүнчү орунду ИИМдин 7707 ички аскер бөлүгү ээледи.

Мелдештин жыйынтыгында кызыктуу оюн көрсөткөн жеңүүчүлөргө, облус башчысы Абдикарим Алимбаевдин кубок жана дипломдору, акчалай сыйлыктары тапшырылды.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here