Лейлекте Орусиялык альпинист изделүүдө

0
423

Бүгүн,  21-февралда  Орусиялык альпинист Евгений Глазуновду издөө иштери башталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.  

Маалыматка караганда,  издөөдөгү  альпинист  Лейлек капчыгайындагы  Аксуу чокусунан  акыркы жолу 16-февралда байланышка чыккан. Андан соң альпинист менен байланыш үзүлгөн. 

Учурда дайынсыз болуп жаткан Орусиялык жаранды издөөгө жети куткаруучу тартылып, үч альпинист кошулду. Издөө иштеринен кошумча маалымат берилет. – деп жазылат маалыматта.  

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here