Баткенде 600 млн сомго курулуп жаткан  мединциналык академия июлда пайдаланууга берилет 

0
958

Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз катчысы Аскар Баймуратов билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын Чет-Булак аймагында курулушу жүрүп жаткан Иса Ахунбаев атындагы медициналык академиянын окуу жана дарылоо комплексинин курулушу 70 пайызга аяктап, ушул жылдын июль  айына пайдаланууга берилет.  

Аталган окуу жайдын курулушу үчүн шаардык мэрия 1,25 гектар жер бөлүп берген. Курулушка мамлекеттик казынадан 603, 5 млн сом бөлүнгөн. 

Бул борбор кѳп профилдүү дарт аныктоочу жана дарылоочу стационар катары курулат. Бейтапкана заманбап жабдуулар менен жабдылып, рентген кабинети, ультра добуштук изилдѳѳ (УЗИ), МРТ, ЭЭГ аппараттары менен камсыз болмокчу. Ошону менен бирге 200 орундуу конференц-зал, 200 орундуу студенттик жатакана жана 500 кишиге ылайыкталган күндүзгү дарылоо жайы салынат. 

Окуу-дарылоо комплекси курулуп бүткөндөн кийин 90 адис жумуш орду менен камсыз болот.

 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here