Баткен шаарында өрттөн наристе көз жумду

0
1638

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, тилсиз жоо бүгүн 20-февраль күнү саат 11:53тө Баткен шаарынын Базар-Башы кварталында катталган. Кырсыктан 2023-жылы туулган наристе көз жумду.  

Өрттүн кесепетинен 3 даана эшик, 1 даана жылыткыч, 8 даана торсун, 10 даана айырмач, 20 даана гипсо-картон, 8 даана шифер чыгым болгон. Кырсык катталган үйгө №26 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн 1 күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 13:37де толугу менен өчүрүлгөн.

Учурда өрттүн чыгуу себеби такталууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here