Баткенде эл аралык баңги каналды уюштурууга шектелип эки тургун кармалды

0
950

Баткенде баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери жана бир тургун эл аралык баңгиканалды уюштурууга шектелип кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, кармалгандар Тажикстан — Кыргызстан — Өзбекстан аркылуу өтүүчү  баңги каналын түзүшкөн. «Баткен-Ош» унаа жолунда Баткен районунун тургуну кармалып, аны тинтүү учурунда жалпы салмагы 4 килограммга жакын афган тектүү «чарс» бангизаты  табылган. 

Ал эми аталган трансулуттук баңги тобуна тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусундагы башкармалыгынын кызматкери кармалды. Ал мамлекеттик чек аранын көзөмөлгө алынган аймактары аркылуу баңги каражаттарын ташыган транспорт каражатын өткөрүүгө көмөк көрсөткөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, кармалгандарга Ош шаардык соту тергөө абагында үстүбүздөгү жылдын 5-мартына чейин камакта калтыруу өкүмүн чыгарды.  Учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here