Баткенде 25 айылда сугат суу жана ичүүчү суу менен камсыз кылууну жакшыртууга багытталган долбоор ишке ашууда

0
1764

Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз кызматы маалымат берди.

Мерсико уюму “Эл аралык Толеранттуулук үчүн” Фонду менен биргеликте, Баткен облусунда ишке ашырылуусу күтүлүп жаткан “Тынчтык  үчүн суу: Климаттык өзгөрүүлөргө туруктуу жана бейпил жамааттар” долбоорун презентациялоочу жыйыны өттү.

Жолугушуунун максаты долбоорлорду өз убагында баштоо жана ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өнүктүрүү институттарынын ортосунда туруктуу өнөктөштүктү түзүү болду.

Долбоор Баткен жана Лейлек райондорунун 25 айылын камтыйт. Айыл тургундарынын сугат жана ичүүчү сууга жеткиликтүүлүгүн, социалдык обьектилердин суу менен камсыз кылуусун жана канализациялык инфраструктурасын жакшыртуу боюнча, сууну фильтирлөө системаларын орнотуу, суу аркылуу жугуучу инфекцияларды кыскартуу аркылуу экономикалык көрсөткүчтөрдүн жакшырышына салым кошот.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here