Баткенде 200дөн ашык адамга азык-түлүк таркатылды

0
973

Кечээ, 13-февралда Баткен районунун 200дөн ашык тургунуна азык-түлүк топтомдору берилди. Бул тууралуу райондук администрациянын басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, азык-түлүк район аймагындагы аз камсыз болгон жана майыптыгы бар жарандарга берилди. Бул аракет Дубайдын Эмири-Шейх Мухаммед бин Рашид Аль-Мактум тарабынан жарыяланган «Миллиард порция» атуу демилгесинин алкагында Бириккен Араб Эмираттары тарабынан каржыланган  «Ихсан-Хайрия» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан ишке ашты.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here