Бул тууралуу “Салам Медиага” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткендеги башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт кырсыгы Сүлүктү шаарындагы Кош-Булак айылындагы турак үйлөрдүн биринен чыккан. Өрттүн жалпы аянты 56 чарчы метрге жеткен.
Өрттү өчүрүүгө саат 05:56да шаардагы №52 Өрткө каршы куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм тартылып, өрт саат 07:40та толугу менен өчүрүлгөн.
Кырсыктан жабыркагандар жок. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
Акыркы суткада өлкө аймагында жети өрт кырсыгы катталып, анын эки учуру Ош облусунда, эки учуру Чүй облусунда, дагы экөө Жалал-Абад облусунда орун алган.