Лейлекте жасалма авиабилет сатып жүргөн 24 жаштагы тургун кармалды

0
901

Лейлектин Андарак айылынын 24 жаштагы тургуну  жасалма авиа билет сатууга шектелип кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. 

Ага ылайык, кармалган тургундун үстүнөн 5 арыз келип түшкөн. Арызда Лейлек районунун тургундары Раззаков шаарындагы “My Travel” авиакассасынан Орусияга учуу үчүн ар кайсы каттамдарга билет алып, бирок учуу убактысы келгенде аэропорттон алардын билети жасалма экендиги аныкталганын билдирип кайрылышкан. 

Бул факты  КБРне Алдамчылык беренеси менен  катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.   Учурда жабырлануучуларга 127 миң сом зыян келтирилгендиги такталып, тергөө иштери уланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here