Жасалма мөңгү жасоо иши Лейлекте уланууда

0
650

Лейлек районунун Сумбула айыл аймагындагы Көк-Таш айылында 3 жерге муз тоңдурулду. Бул тууралуу айыл өкмөттөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, Көк-Таш айылында таза суу жана сугат суу көйгөйү болгондуктан, декабрь айында 200 миң сом каражат сарпталып, үч жерге атайын жасалма жол менен муз тоңдурулган. Бирок күн жылуу болгондуктан күтүлгөн көлөмдө муз тонгон эмес. 

Учурда бийиктиги 20 метр, туурасы 40 метр аянтка 40-50 см муз тонгон.

Эске салсак, буга чейин  Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнө караштуу Надыр-Кен жайлоосунда бийиктиги 10 метрге чейинки жасалма мөңгүлөр пайда болгон.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here