Кадамжайда 10 метрге жеткен жасалма мөңгүлөр пайда болду

0
1692

Кадамжай районунун Орозбеков айыл өкмөтүнө караштуу Надыр-Кен жайлоосунда бийиктиги 10 метрге чейинки жасалма мөңгүлөр пайда болду. 

Аталган айыл өкмөттүн башчысы Замирбек Максутовдун “Салам Медиага” берген маалыматында, жасалма мөңгүлөрдү жасоо, жашыл климат долбоорунун алкагында ишке ашырылган.  

Жасалма мөңгү, сууну эч кандай резервуарсыз сактап калуу, жаз мезгилинде сугат сууга болгон тартыштыкты жоюу максатында жасалган. Алдыда айыл өкмөттүн аймагында мындай мөңгүлөрдүн санын көбөйтүү пландалууда. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here