Социалдык тармактарда тараган И.Раззаков атындагы Кызыл-Кыя лицейинде мугалим окуучуну уруп жаткан окуя боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматында, видео ушул жылдын 22-январь күнү саат 22:30 чамасында тартылган. Ошондой эле текшерүүнүн жыйынтыгы дагы кененирээк маалымдалаары айтылат.