Этникалык кыргыздарга берилүүчү кепилдиктер жөнүндө мыйзам кабыл алынды

0
887

Президент Садыр Жапаров “Кыргызстанга көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө” өзгөртүү киргизилген мыйзамга кол койду.

Бул мыйзам 2023-жылдын 13-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Анда кайрылман күбөлүгүнүн болушу кийин кайрылман статусуна ээ болгон этникалык кыргыздарга мамлекет кепилдеген социалдык жеңилдиктерди, анын ичинде мамлекеттик медициналык мекемелерде медициналык-санитардык жардамды, ошондой эле калктуу конуштардын жерлеринин категориясынан турак үй куруу жана тейлөө, жеке көмөкчү чарба жүргүзүү үчүн жер участокторун пайдаланууга мүмкүндүк берет.

Буга чейин, эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова парламенттин 13-декарбдагы жыйынында Кыргызстанда 1992 этникалык кыргыз жарандык ала электигин айткан. Анын ичинен Өзбекстандан 372, Тажикстандан 1378, башка өлкөлөрдөн 245 адам келген.

Мындан тышкары, жарандык алуу боюнча 2766 кайрылман арыз берген, учурда документтештирүү процесси жүрүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here