Баткенде эки аткезчилик фактысы катталды

0
603

Кадамжайда коңшу өлкөдөн жети тонна турган анар алып чыккан 20 жаштагы тургун аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти. 

Ага ылайык, 20 жаштагы тургундун жанындагы жүк коштоочу электрондук документи жасалма болуп чыкан. Ушундай эле факт кыргыз-тажик чек арасында орун алып, анда  Лейлек районунун аймагындагы Мурас-Достук унаажолунда Тажикстанга 3,5 тонналык кир жуугуч каражатты алып өтүүгө аракет кылган Лейлектин 31 жаштагы тургуну кармалды. 

Аткезчилик анарлардын жана кир жуугуч порошоктордун баасы болжол менен 1,5 млн сомду түзөт. Кармалган Жүк жана жарандар андан аркы териштирүүлөр үчүн тийиштүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here