АРИС Баткендин айылдарына таза суу тартууга керектүү жабдыктарды берди

0
999

Кечээ, 16- январда Баткен облусунун район жана айыл аймактарына 1 миллиондон ашуун каражатка кеңсе жабдуулары жана 3,4 млн сомдук суу системасын тейлөөгө керектүү шаймандар тапшырылды. Бул тууралуу облустук бийликтин басма сөз катчысы билдирди.

   

Маалыматка караганда бул шаймандар, АРИС  тарабынан ишке ашырылып жаткан “Баткен жана Талас облустарындагы айылдарды суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбоорунун алкагында берилди. 

Долбоордун негизинде Баткен облусунун жалпы  43 айылын суу менен камсыздоо боюнча иштер жүрөт. Аталган долбоор республикалык бюджеттен  жана Ислам өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланууда.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here