Кызыл-Кыя шаарында коомдук коопсуздукту сактоо жана жол кырсыктарынын алдын алуу боюнча жергиликтүүлөр менен жыйын өттү. Бул тууралуу облустук милициянын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка караганда, жыйынга бийлик өкүлдөрү, билим берүү мекемелеринин мугалимдери, директорлору, мектеп окуучулары катышты. Андан соң милициянын жаш тескөөчүлөрү менен биргеликте жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу максатында жөө жүрүш акциясы өткөрүлдү.
Жөө жүрүш айдоочуларды, жаш өспүрүмдөрдү жана жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна көңүл бурдуруу максатын көздөйт.