Облустук бийлик көмүрдү белгиленген баадан кымбат саткан сатуучуларга чара көрөт

0
289

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Баткен облустук бөлүмү көмүргө болгон туруктуу бааны бекитти. Бул тууралуу облустук бийликтен кабарлашты.

Ага ылайык, калк тарабынан суроо талап жогору болгон БР маркасындагы көмүрдүн баасы Баткен шаары жана Баткен районунда Сүлүктү көмүрү 8,5 сом, жергиликтүү көмүр 7,5 сом, Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районунунда Сүлүктү көмүрүнүн киллограмы 9,5 сомдон жергиликтүү көмүр 8,5 сом. Лейлек районунда Сүлүктүнүн көмүрү 7,5 сом, Сүлүктүдө 6,5 сом деп бекитилген. 

Ал эми Сүлүктүдө өндүрүлгөн көмүрдүн БК түрү Баткен шаары жана Баткен районунда 11 сомдон,  Кызыл-Кыя шаары жана Кадамжай районунунда 12 сомдон, Лейлек районунда 10 сом жана Сүлүктү шаарында 9 сомдон сатылууга тийиш.

Облустук бийлик көмүрдү белгиленген баадан жогору баада саткан соодагерлерге мыйзам чегинде чара көрүлөрүн кошумчалады.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here