Лейлекте алдамчылыкка шектелген жаран Орусиядан кармалды

0
3985

Лейлектин Кулунда айылындагы набайканалардын биринде нан жаап иштеген жаран алдамчылыкка шектелип издөөдө жүргөн. Ал Орусиянын аймагынан кармалды. Бул туурасында облустук милициядан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, кармалган жаран набайкананын ээсинен алдын ала акча алып, изин жашырып кеткен. Натыйжада набайкананын ээсине 132 миң сомдук зыян келтирген.

Бул факты КБРне кылмыш жаза кодексинин Алдамчылык беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган. Учурда кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.

Автор: Сабира Бакирбек кызы

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here