Кадамжайда 22 жаштагы Айкыз күйөөсү тарабынан муунтулуп өлтүрүлдү

0
1933

Бул тууралуу “Салам Медиага” маркумдун жакындары кабарлап, маалыматты облустук милиция да тастыктады. 

Маркумдун жакындарынын маалыматында, ал үстүбүздөгү жылдын 2-январында көчөдө бараткан жерден күйөөсү тарабынан ур-токмокко алынып, муунтулуп өлтүрүлгөн. Маркумга соттук медициналык экспертиза дайылдалган. 

Ал эми  маркум келиндин жолдошуна жазык кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен кылмыш иши козголуп, учурда убактылуу кармоо жайына киргизилди. Бул факты боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. 

Зомбулуктан көз жумган 22 жаштагы Айкыз Калмурза кызынын сөөгү 3-январда жерге берилди. Айкыз Калмурза кызы Баткен районунун Кара-Бак айылында туулган. Ал биринчи топтогу майып болчу. Анын артында эки кызы калды. 

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here