Баткенде Молдо Нияз айыл аймагы пайда болду

0
849

Президент Садыр Жапаров Баткен, Жалал-Абад жана Ысык-Көл облустарынын айрым айыл аймактарын жана айылдардын аталышын өзгөртүү боюнча мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. 

Маалыматка караганда, бул мыйзам жолбоору узаган жылдын 29-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан улуттук идеологияны өнүктүрүү жана чыңдоо, мурда жана азыр кеңири белгилүү болгон географиялык аталыштарды кайра кайтаруу максатында кабыл алынган.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, Баткендин Кадамжай районундагы Көтөрмө айыл аймагы Молдо Нияз  айыл аймагы болуп өзгөрсө, Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Назаралиев айыл аймагы Үч-Коргон айыл аймагы, Базар-Коргон районунун Сайдыкум айыл аймагынын Дөш айылы Тынчтык айылы, Дүкүр айылын Достук айылы жана Чек айылын Ынтымак айылы, Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Ырдык айыл аймагынын Комсомольское айылын Кытай айылы, Ысык-Көл районунун Семеновка айыл аймагын Кожояр айыл аймагы жана Семеновка айылын Кожояр-Ата айылы – деп өзгөрөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here