Кыргыз-тажик чек арасынын 24,01 чакырымы такталды

0
1372

Тажикстандын Бустон шаарында кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркацилоо боюнча топографиялык жумушчу топтордун жыйыны өттү. Жолугушууда чек аранын 24,01 чакырымы макулдашылды. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйын 29-ноябрынан 5-декабрга чейин өттү. Тараптар Кыргызстандын аймагында өтө турган кийинки жолугушууда чек аранын калган аймактарын кароо боюнча ишти улантат.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү Протоколго кол коюлду.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here