Кадамжайда “Жапайы өрүк менен бадамды сактайлы!” – деген аталыштагы акция өттү

0
697

Кадамжай райондук администрациясынын маалыматына караганда 2-3-декабрь күндөрү “Кыргызстандын Исфайрам-Шахимардан аймагындагы жапайы өрүк жана бадам өсүмдүктөрүн сактоо” долбоорунун алкагында “Жапайы өрүк менен бадамды сактайлы!” акциясы өттү.

“Аталган акция  СEPF фондунун колдоосу менен Кадамжай районунун  Майдан жана Көтөрмө айыл аймагында өткөрүлдү. Акциянын алкагында жапайы өрүк жана бадам өсүүчү аянттарын сактоо жана көбөйтүү максатында долбоордун пилоттук аянты болгон Уч-Коргон токой чарбасынын питомнигинде өстүрүлгөн 900 түп көчөт отургузулду. Мындан тышкары пилоттук участоктордо жапайы өрүктү үрөн менен себүү иштери жүргүзүлдү. Көчөт отургузуу саамалыгына 60тан ашун жаран катышты,” – деп белгиленет райондук бийликтин маалыматында.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here