Кадамжайда дайынсыз жоголгон эки өспүрүм табылды

0
991

Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Ага ылайык, жоголгон эки өспүрүм Кадамдай Өрүкзар айылынын 12 жана 13жаштагы тургундары болуп, 2-декабрь күнү үйлөрүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жоголгон.

Учурда өспүрүмдөр милиция кызматкерлери тарабынан Кадамжай шаарындагы автобекеттен табылып, ата-энелерине өткөрүлүп берилди.

Бул факты боюнча текшерүү иштери жүрүп жатат.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here