Баткен шаарындагы мал базар пайдаланууга берилүү  алдында турат

0
1045

Баткен шаарынын Чет-Булак кварталында жаңы муниципалдык мал базардын курулушу бүткөрүлүп, декабрь айында пайдаланууга берүү алдында турат.

Базарда малдарды өз-өзүнчө жайгаштыруу үчүн атайын жайлар курулган. Ар бири тосмолор менен тосулуп, үстү жабылган. Мындан сырткары адамдар баса турган жолдорго бетон төшөлгөн. Учурда мал базардын 95 пайызы бүткөрүлгөн. Мал базарга жергиликтүү бюджеттен 22,8 млн сом коротулду.

Эске салсак, ушул жылдын 19-июлунда Баткен шаарынын вице мэри Акыл Орозов Салам Медиага жаңы мал базар күз айларына пайдаланууга берилээри күтүлүп жатканын билдирген болчу.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here