Баткенде тургундардын иммунитетин текшерген изилдөө өтүп жатат

0
552

Сүрөт: Сабира Бакирбек кызы

Баткен облусунун аймагында эмдөө менен башкарылуучу 9  жугуштуу оорулардын алдын алуу максатында изилдөө жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Баткен райондор аралык санэпид көзөмөл борборунан билдиришти.

Ага ылайык, Баткенден  70 жашка чейинки 566 адам изилдөөдөн өтөт.  Бул изилдөө жугуштуу болгон кызамык, кызылча,тепки, covid-19 илдети жана гепатиттин 5 түрүнө карата жүргүзүлөт.

Изилдөөлөрдөн кийин гепатиттин A жана E түрлөрүнө вакциналарды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here