Баткен коогалаңында курман болгондор эскерилди

0
690

Кечээ, 26-октябрь күнү Баткен шаарында 1999-2000-жылдардагы окуяларда аскердик милдетин аткарып жатып курман болгон жоокерлер эскерилди. Бул тууралуу шаардык бийликтен билдиришти. 

Ага ылайык, эскерүү иш чарасына жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, ишкана-мекемелердин жетекчилери, коогалаңдын катышуучулары, шаар тургундары жана маркумдардын үй-бүлөлөрү катышты. Эстеликке гүлчамбар коюлуп, куран окулду. Ушундай эле эскерүү иш-чаралары облустун башка аймактарында да өткөрүлдү.

1999-2000-жылдардагы Баткен согушуна 6 миңдей жоокер, 400дөй жаран катышкан. Алардан  130дан ашык адам жараат алып, 53 адам курман болгон.

1999-2000-жылдарда «Өзбекстан ислам кыймылынын» террордук согушкерлери менен Кыргызстандын аскерлери кагылышып, Баткен согушунан кийин гана Баткен облусу Ош облусунан бөлүнүп өзүнчө облус болуп түзүлгөн.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here