Кадамжайда мыйзамсыз берилген 624 гектар жер мамлекетке кайтарылды 

0
1209

Кадамжай районунда трансформацияланбаган жеке турак үй курууга мыйзамсыз берилген 624 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук Коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. 

Атайын кызматтын маалыматында, Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл өкмөтүндөгү үч кызмат адамы 2016-2023-жылдар аралыгында 61,37 га жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн бөлүп берүү боюнча мыйзамсыз чечимдерди чыгарган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иш тергелүүдө.

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Please enter your comment!
Please enter your name here